Жер тилкенин кызыл китеп алуу
#67319 | 15.08.2021 | Көрүүлөр: 2924
2002 жыл чиккан Токтомдун негизде 8 сотых жер берилген. Азыр коншуларыбызга адис тарабынан туура эмес казык кагылып.. документ берилип калган, биздин тилке бир метрге жылып, азайып калган.
Кантип чечсе болот?
Ал эми 2016чы жылы атама чон атамдан калган уй жана жердин бир болугу да откорулуп берилген де «дареный» деп жазылбай калган деген суроо коюлууда.
Кандай жолдор менен закондуу турдо документ жасасак болот? Чон атабыздан кадган жерди инибизге откоролу деген пландарыбыз бар эле.
Маалымат берип койунуздарчы..башыбыз катып калды
Сиздин чон атаныздан калган жер тилкеси мыйзамдын талаптары боюнча сизе өткөрүлүп берилсе (белек катары) анда, сиз жердин менчик ээси болуп эсептелесиз. Андыктан, жер тилкенин менчик ээси катары жергиликтүү КАДАСТР мамлекеттик мекемесине кайрылып жериниздин мамлекеттик актысында белгиленген өлчөмдө тактатып алсаныз болот. Эгерде мекеме андай иш аткаруудан (жер аймагын тактап берүүдөн) баш тартса, алардын аракеттери боюнча сот органына кайрыласыз. Ошону менен бирге менчик жер аймагын колдонууга тосколдуктарды жаратып жаткандыгы боюнча жергиликтүү сотко дай кайрылсаныз болот.