8-статья. Кыймылсыз мулккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
2-глава Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдары
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутуму башкаруунун республикалык органынан, жергиликтүү каттоо жана башка органдарынан турат.
2. Ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык түзүлгөн жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары - каттоо органдары) каттоо зонасында укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат. Мында каттоо зонасынын чектери административдик-аймактык бирдиктердин чектери менен дал келбеши мүмкүн.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органдарынын иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)