7-статья. Каттоонун милдеттүүлүгү жана аны создуктургандыгы үчүн жоопкерчилик


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

1-глава Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

1. Ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык укуктар же аларды чектөө жөнүндө, кандай гана болбосун, укук белгилөөчү же башка документ, ал түзүлгөн учурдан тартып отуз күндөн кечиктирилбей каттоо органына берилет.

2. Эгерде документ түзүлгөн учурдан отуз күн өткөндөн кийин берилсе, анда каттоо акысынан тышкары дагы создуккан ар бир күнгө туум кошуп эсептелинет, анын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат, мүлктү легалдаштыруу учурунда документтерди тапшыруудан башкасы.

3. Кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик каттоого алынбоосу ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган жоопкерчиликке алып келет. Укуктарды мамлекеттик каттоо укуктар менен түйшүккө салуулардын (чектөөлөрдүн), ошондой эле кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдүн бар экендигинин жетиштүү далили болуп саналат. Бүтүмдөн келип чыккан укуктарды мамлекеттик каттоонун жоктугу аны жараксыз деп табууга алып келет. Мындай бүтүм арзыбаган бүтүм, ал эми укук жараксыз эмес деп эсептелинет.

Легалдаштыруучу мүлккө мамлекеттик каттоонун жоктугу үчүн легалдаштыруунун субъекттери жоопкерчилик тартышпайт.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2007-жылдын 9-августундагы № 141, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)