9-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

2-глава Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдары

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону, кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттин коргоосун, кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жер рыногун өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттин саясатын ишке ашырууну камсыз кылат.

2. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун иштешин багыттоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)