22-1-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жайларын жалдоочулардын (ижарачылардын) милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.05.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

4-глава Корутунду жоболор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренеси, 28.05.2025 редакциясы.

Турак жана турак эмес жайларды жалдоочулар, менчик ээлери болуп саналбаган жана алар тарабынан ыйгарым укук берилбеген ижарачылар шайлоо укугуна ээ эмес жана турак жай менчик ээлеринин шериктигин башкарууга катышууга укугу жок, бирок турак жай ээлеринин шериктиги үчүн жалпы эрежелерди сактоого милдеттүү.

Эгерде турак же турак эмес жайдын менчик ээси көп убакыттан бери жок болгон жана жалпы мүлктү сактоо боюнча милдеттенмени үч айдан ашык аткарбаган учурда, мындай милдеттер ижарага алынган турак жайда жашаган же башка турак эмес жайды ижарага алган адамдар тарабынан аткарылат. Мында жалпы мүлктү күтүүгө кеткен чыгашалар ижара акысынын эсебинен чыгарып салынат.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)