14-1-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун жеке добуш берүү жолу менен өткөрүүнүн тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.05.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

3-глава Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктук абалы

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-1-беренеси, 28.05.2025 редакциясы.

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, эгерде ага турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн 50 пайыздан ашыгы катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

Кворум жок болгон учурда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки чогулушту өткөрүүнүн формасы жөнүндө чечим кабыл алат. Сырттан добуш берүү жолу менен жалпы чогулушту өткөрүү чечими кабыл алынган учурда шериктиктин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу сурамжылоо жүргүзүү үчүн үч адамдан кем эмес сандагы жооптуу адамдарды шайлайт. Жалпы чогулуштун чечими протокол менен таризделет. Каттоо баракчасы протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жаңыдан дайындалган жалпы чогулушу өтпөй калган жалпы чогулуштун датасынан тартып 2 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү мүмкүн.

Жалпы чогулушка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алат.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)