11-1-берене. Бир нече көп кабаттуу үйлөрдү тейлеген турак жай ээлеринин шериктигинен чыгуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.05.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

3-глава Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктук абалы

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-беренеси, 28.05.2025 редакциясы.

1. Бир нече көп батирлүү үйлөрдү тейлеген турак жай менчик ээлеринин шериктигинен бир көп батирлүү үйдү чыгаруу жөнүндө маселе шериктиктен чыгууну демилгелеген көп батирлүү үйдүн менчик ээлеринин жалпы чогулушуна коюлат.

2. Шериктиктен чыгуу жөнүндө чечим, эгерде ага шериктиктен чыгууну демилгелеген көп кабаттуу үйдүн менчик ээлеринин жалпы санынын 51 пайызынан кем эмеси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

3. Чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жалпы чогулуштун протоколу турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине берилет. Бул документ турак жай менчик ээлеринин шериктештигин кайра уюштуруу үчүн негиз болуп саналат.

4. Турак жай менчик ээлеринин учурдагы шериктигинен чыккандан кийин менчик ээлери үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жалпы мүлктү башкаруу ыкмасын тандап алууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)