99-берене. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ›16-глава. Суу фондунун жерлери

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 99-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.

1. Суу фондунун жерлери жеке жана юридикалык жактарга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен төмөнкүдөй мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн:

1) айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, байланыш курулмаларын капиталдык эмес курууну тейлөө жана рекреациялык иш-чараларды жүргүзүү жана башка максаттар үчүн объекттерди жайгаштыруу үчүн 10 жылга чейин;

2) гидроэлектр станцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу, электр берүү линияларынын таянычтарын орнотуу үчүн 50 жылга чейин.

2. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн өзгөчөлүктөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Мөңгүлөр менчикке жана пайдаланууга берилбейт.