100-берене. Запастагы жерлер
02.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ›17-глава. Запастагы жерлер
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 100-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер запастагы жерлер болуп саналат. Запастагы жерлер мамлекеттик менчик болуп саналат.
Электр же байланыш линияларынын таянычтарын орнотуу үчүн жер тилкелерин берүүгө жол берилет.
2. Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.