Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

8-глава Талаштардын чечилиши

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

Кыймылсыз мүлк укугуна тиешелүү талаш келип чыкса, доомат арызы келип түшкөн, аны иш өндүрүшүнө алган тийиштүү укугу бар орган же сот каттоо органына жети күндүк мөөнөттө талаш кырдаалынын бар экендигин билдирүүгө тийиш. Бул тууралу каттоо органы тийиштүү кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасына жазуу киргизет. Тийиштүү органдардын талаштар боюнча чечимдери кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо карточкасында катталат. Тийиштүү укугу бар органдын чечимине тараптардын бири макул болбосо, мындай чечим сотко даттанылат.

(КР 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамынын редакциясына ылайык)