Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

5-глава Катталган укуктардын юридикалык күчүнө кириши

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

1. Бардык жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө жүргүзүлүүчү укуктарды милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө иш жүзүндө билгендигине же билбегендигине карабастан, алар бул жөнүндө билишет деп эсептелинишет.

2. Каттоо ишинде сакталган документтерде катталбаган укуктарга же башка документтерде көрсөтүлгөн укуктарга таянуу, ошол укуктардын катталгандыгын билдирбейт.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)