468-берене. Жалпы жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›65-глава. Транзакцияга салык
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 468-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Транзакцияга салык төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөөчүнүн ишине карата салык төлөөнү карайт:
1) пайда салыгы;
2) салык салынуучу берүүлөргө КНС;
3) сатуудан алынуучу салык.
2. Бул главада каралган салык режими чет өлкөлүк субъекттен же анын тапшырмасы боюнча түшкөн акча каражаттарын кайра жиберүү боюнча операцияларга карата колдонулат.
3. (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агентинин милдеттеринен бошотулбайт.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)