469-берене. Салык төлөөчү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›65-глава. Транзакцияга салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 469-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) уюм, жеке ишкер, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)