467-берене. "Тамчы" АФИА субъекттерине салык салуу өзгөчөлүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›64-глава. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы салык режими

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 467-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул главада жана "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ушул Кодекстин 465-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген "Тамчы" АФИА субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.

11. Кыргыз Республикасынын аймагынан "Тамчы" АФИАнын субъекти болуп саналбаган субъект тарабынан "Тамчы" АФИАнын субъектине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

2. "Тамчы" АФИАнын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө алынуучу салыктарды башкаруу ЕАЭБдин мыйзамдарына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. "Тамчы" АФИАдан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)