44-берене. Салыкты төлөө мөөнөтү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Кыргыз Республикасынын салык тутуму
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салыктарды төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.
2. Салык төлөөчүнүн салык органына тапшырган салык отчеттуулугуна ылайык эсептелген салык милдеттенмесинин суммасы уюмду кайра уюштурууга же жоюуга же жеке ишкердин ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арыз менен бирге салык органына мындай арыз берилген күнгө чейин төлөнүүгө тийиш.
3. Салык төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.
4. Салык төлөө мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.