45-берене. Салыктарды төлөө тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Кыргыз Республикасынын салык тутуму

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 45-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык төмөнкүдөй төлөнөт:

1) салыктын бүктүл суммасы же бөлүк-бөлүк боюнча;

2) мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартып бөлүп төлөө менен;

3) ар бир салык үчүн ушул Кодексте белгиленген салык төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кеч эмес;

4) салык төлөөчү тарабынан түздөн-түз же анын атынан;

5) салык төлөөчү же обочолонгон бөлүмчөнү салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча түздөн-түз;

6) накталай эмес акча түрүндө, анын ичинде санариптик сомдор менен.

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата белгиленет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)