43-берене. Салыкты эсептөө тартиби
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Кыргыз Республикасынын салык тутуму
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 43-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү салык мезгили үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын, ушул Кодексте белгиленген салык жеңилдиктерин эске алуу менен салык базасын салык ставкасына көбөйтүү аркылуу өз алдынча эсептейт.
2. Ушул Кодексте каралган учурларда салыктардын айрым түрлөрүнүн суммасын эсептөө боюнча милдет салык кызматынын органдарына жүктөлөт.