375-берене. Салык салуу объекти
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›48-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 375-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Төмөнкүлөр мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында катталган же катталууга тийиш болгон мүлк объекттерине карата менчик укугу;
2) Кыргыз Республикасында катталган же катталууга тийиш болгон мүлк объекттерине чарба жүргүзүү укугу;
3) муниципалдык же мамлекеттик менчикте турган жерлер боюнча жерди убактылуу пайдалануу укугу;
4) дем алуу, эс алуу жана көңүл ачуу үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бөлүгүндө ыкчам башкаруу укугу;
5) ижара келишиминен келип чыккан мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлк объекттерин пайдалануу укугу;
6) ижара келишиминен келип чыккан, ушул бөлүмгө ылайык салык салуудан бошотулган мүлктү пайдалануу укугу.
2. Ушул Кодексте каралган айрым учурларда мүлк объектине иш жүзүндө ээлик кылуу жана пайдалануу салык салуу объекти деп таанылат.
3. Салык салынуучу объект болуп саналбаган мүлктүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.