376-берене. Салыктык база


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›48-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 376-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Имарат, жай, курулма жана жер участогу үчүн мүлк салыгынын салык базасы болуп имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун чарчы метрдеги аянты эсептелет.

2. Эгерде бул главада башкача белгиленбесе, мүлк салыгынын салыктык базасы мүлк объектине карата укук күбөлөндүрүүчү документтин негизинде аныкталат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)