269-берене. Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 269-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан жаңы курулуш/реконструкциялоо/кайра профилдөө/кайра пландоо объекттерин жана/же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү берүү 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )