270-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›38-глава. Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүү болуп саналат.
2. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган мүлктү, жер участогун кошкондо, банктар тарабынан берүүсү насыя боюнча же исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча карыздын суммасынын чегинде КНС бошотулган болуп саналат.
3. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна киргизилген турак жай курулуштарын банктар тарабынан берүү КНС бошотулган болуп саналат.
4. Банктар тарабынан алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат.
5. Аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды товардык биржаларда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)