216-берене. Узак мөөнөттүү контракттар же келишимдер боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›29-глава. Жылдык жыйынды киреше
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 216-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт же келишим боюнча каралган иш же кызмат көрсөтүү башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга же коштоочу кызматтарды көрсөтүүгө контракт, ошондой эле камсыздандыруу келишими түшүнүлөт, буга баалоолор боюнча контрактта же келишимде каралган иш башталган датадан тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракт же келишим кирбейт.
2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө методун колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын же келишимдин пайыздын аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.
Контрактты же келишимди аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тарткан чыгымдар менен бул контракт же келишим боюнча жыйынды чыгымдарын салыштырып текшерүү аркылуу аныкталат.
3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгымдарын аныктоо үчүн эсепке алуунун жөнөкөйлөтүлгөн методу пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызмат көрсөтүүлөр боюнча аныкталат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)