215-берене. Компенсациялануучу чыгарып салуулар
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›29-глава. Жылдык жыйынды киреше
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 215-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде мурда чыгарып салынган чыгымдар, жоготуулар же кайтарылбас карыздардын орду толтурулган болсо, анда алынган сумма кайтарым жүргүзүлгөн ошол салыктык мезгилдин кирешеси болуп калат.
2. Эгерде ага карата мурда ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салуулар жүргүзүлгөн резервдер ушул бөлүмгө ылайык кыскартылса, мындай кыскартуу кирешеге кошулат же бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды азайтат.