217-берене. Киреше алуу менен байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК›30-глава. Жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдар
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 217-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодон жана валюталык операциялардан түшкөн кирешеден чыгашанын суммасынын ашып кетишин, ошондой эле өнбөй турган карыздын суммасын кошкондо, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө гана ырасталган чыгымдарды жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салуу (мындан ары бул бөлүмдө - чыгарып салуу) укугуна ээ.
2. Келечектеги мезгилдердин чыгымдары алар таандык болгон салыктык мезгилде эсептен чыгарып салууга жатат.
3. Эгерде бир жана ошол эле сарптоолор ушул бөлүмгө ылайык эсептен чыгарыла турган чыгымдарды белгилеген бир нече беренелерде каралса, анда мындай чыгымдар бир гана жолу чыгарып салынууга тийиш.
4. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн салык салууда эске алынуучу чыгымдарды же өзгөчө жагдайларга байланыштуу тартылган чыгымдарды аныктоонун өзгөчөлүктөрү ушул бөлүмдүн жоболору менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)