193-берене. Жалпы жоболор
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›24-глава. Салыктык базаны аныктоо үчүн жыйынды кирешеден чыгарып салуулар
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 193-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү төмөнкүдөй чыгарып салуу укугуна ээ:
1) стандарттык чыгарып салуулар;
2) социалдык чыгарып салуулар;
3) мүлктүк чыгарып салуулар;
4) инвестициялык чыгарып салуу.
2. Стандарттык чыгарып салуулар резидент эмес-жеке жакты кошпогондо, салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн колдонулат.
3. Социалдык, инвестициялык жана мүлктүк чыгарып салуулар төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар резидент-жеке жак.
4. Салык төлөөчү ушундай чыгарып салуулар тийиш болгон салыктык мезгилинде гана чыгарып салуу укугуна ээ болот.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)