192-берене. Киреше келип чыккан дата
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›23-глава. Жылдык жыйынды киреше жана башка кирешелер
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 192-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Ушул главанын максаттарында киреше келип чыккан дата болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кирешенин суммасын төлөө датасы, анын ичинде кирешени салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же болбосо анын тапшырмасы боюнча үчүнчү жактардын эсебине которуу боюнча - кирешелер акчалай түрүндө алынганда;
2) товарга болгон менчик укугунун өтүшүнүн датасы - кирешелер товарлар түрүндө алынганда;
3) бардык иштер же бөлүгү аяктаган жана кызматтар көрсөтүлгөн дата - кирешелер жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр түрүндө алынганда;
4) киреше материалдык пайда түрүндө алынганда:
а) алынган зайымдар же насыялар боюнча - салык төлөөчү тарабынан зайымдар же насыялар келишимдерине ылайык төлөмдөрдүн жана/же пайыздардын суммасы төлөнгөн дата;
б) алынган ссуда боюнча - ссуда пайдаланылган ар бир айдын акыркы күнү;
в) алынган жана/же сатып алынган товарлар боюнча - товарды алган жана/же сатып алган дата;
5) салык төлөөчүнүн милдеттенмеси токтогон учурда - милдеттенме токтогон дата.