194-берене. Стандарттык чыгарып салуулар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›24-глава. Салыктык базаны аныктоо үчүн жыйынды кирешеден чыгарып салуулар

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 194-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Стандарттык чыгарып салуулар төмөнкүлөрдөн турат:

1) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө - жеке чыгарып салуулардан;

2) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн ар бир багуудагы адамына эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө - салык төлөөчүнүн багуусундагы адамына чыгарып салуулардан;

3) ушул Кодекске ылайык киреше салыгы салынбаган кирешелер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуулардан;

4) салык төлөөчүнүн салыктык базасынан 8 пайыздан ашык эмес - мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чыгарып салуулардан.