92-берене. Турак жайларды өзү билемдик менен кайра куруунун кесепеттери
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 92-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Мыйзамдарда каралган талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн турак жайды кайра куруу өзү билемдик менен куруу болуп саналат.
2. Турак же турак эмес жайды өзү билемдик менен кайра курган адам мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
3. Өзү билемдик менен кайра курган турак же турак эмес жайдын менчик ээси же жалдоочусу мындай жайды ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген акылга сыярлык мөөнөттө мурдагы абалына келтирүүгө милдеттүү.