86-берене. Турак жайларда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 86-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Турак жайлар радиациялык коопсуздуктун талаптарына жооп бериши керек.
2. Турак жайларды куруу үчүн жер участокторун берүүдө ыйгарым укуктуу органдар гамма-нурлануунун деңгээлин эске алуу менен жер участокторун бөлүп берүүгө милдеттүү.
3. Турак жайларда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тартиби мыйзамдарга ылайык радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.