84-берене. Турак жай фондун эксплуатациялоодо энергияны үнөмдөөнү камсыз кылуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V бөлүм›15-глава

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 84-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.

1. Турак жайлардын менчик ээлери жана пайдалануучулары жайлардын жана жалпы пайдалануудагы жайлардын нормага салынган температурасын жана жайдын ичиндеги абанын салыштырмалуу нымдуулугун сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Турак жайлардын жылуулугун сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.