80-берене. Турак жайларды эксплуатациялоо процессиндеги контроль жана мамлекеттик көзөмөл


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

V бөлүм›15-глава

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 80-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.

1. Турак үйдү техникалык эксплуатациялоону контролдоону имараттын менчик ээси же ал ыйгарым укук берген адам имараттардын жана курулуштардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерде белгиленген тартипте эксплуатациялык же инструменталдык контроль түрүндө жүзөгө ашырылат.

2. Турак үйдү эксплуатациялоо процессинде мамлекеттик көзөмөлдөө имараттардын жана курулуштардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.