34-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги тарабынан башкарылышы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II бөлүм›4-глава

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 34-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине биригүүгө укуктуу.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин уюштуруунун жана анын ишинин тартиби мыйзамда аныкталат.