32-берене. Турак жайлардын ээлеринин көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруусу
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 32-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн турак жайдын менчик ээлери тарабынан башкарууда жалпы мүлктү күтүү жана пайдалануу боюнча чечимдер турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Мында чечим турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
2. Турак жайлардын менчик ээлери көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу боюнча алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө адамга мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укук берүүгө укуктуу.