28-берене. Турак жайга укукту берүүдө, өтүүдө сервитуттун сакталышы
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 28-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, турак жайга укукту берген, өткөн учурда сервитут сакталып калат.
2. Сервитут сатып алуу-сатуунун, күрөөнүн өз алдынча предмети болушу мүмкүн эмес жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн сервитут белгиленген турак жайдын менчик ээси болуп саналбаган адамдарга кандайдыр бир ыкма менен берилиши мүмкүн эмес.
3. Мажбурлоо сервитуту ыйгарым укуктуу органдын же соттун чечими боюнча сервитутту белгилөө негиздеринин жоюлушуна байланыштуу токтотулушу мүмкүн.