92-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлеринин курамы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ›14-глава. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлерине белгиленген категориядагы тиешелүү объекттердин (мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бакчалардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш жана археология эстеликтеринин, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, геопарктардын жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөктүү зоналарынын) жерлери кирет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлердин курамына экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана археологиялык жагынан өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объекттери бар жер тилкелери кириши мүмкүн.
Белгиленген категорияларды кошпогондо, рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттер өз алдынча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары уюштурулушу мүмкүн эмес.