90-берене. Байланыштын жана энергетиканын жерлери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ›13-глава. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, байланыш жерлерине байланыш, радиоуктуруу, телекөрсөтүү, информатика курулмаларын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер кирет.
Байланыш курулмалары үчүн курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, байланыш линияларын коргоо эрежелеринин жана башка ченемдик техникалык документтердин негизинде коргоо зоналары белгилениши мүмкүн, аларга карата Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайдалануунун башка режими колдонулат.
2. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, энергетика жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер тилкелери кирет:
1) гидроэлектр станцияларын, атомдук станцияларды, жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, аларды тейлөөчү курулмаларды жана объекттерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу;
2) электр берүүчү аба линияларынын таянычтарын, электр берүүчү кабелдик линиялардын жер үстүндөгү курулмаларын, көмөкчү чордондорду, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштыруу.
Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана энергетика объекттерин эксплуатациялоо шарттарын түзүү үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген электр жана жылуулук тармактарынын объекттеринин коргоо зоналарын белгилөө эрежелерине ылайык электр жана жылуулук тармактарынын коргоо зоналары белгиленет.