61-берене. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин пайдалануу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИ КАТАРЫ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БОЛГОН УКУК›8-глава. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин пайдалануунун тартиби

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 61-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген адам ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу менен келишимдин негизинде жер тилкесин алып койбостон геологиялык-чалгындоо, издөө, топографиялык-геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн анын максаттуу багытына карабастан жер тилкесине жетүүгө укуктуу.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкесин ээлөөгө уруксат ушул Кодекстин 17-24-беренелеринде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан техникалык долбоордо аныкталган жана лицензиялык макулдашууда белгиленген чектерде жана мөөнөттөрдө берилет.