51-берене. Жер тилкесинин менчик ээсинин жана жерди пайдалануучунун укуктары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИ КАТАРЫ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БОЛГОН УКУК›6-глава. Жер тилкелеринин менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын бирикмелеринин жер тилкелерин коргоо жана пайдаланылышын контролдоо боюнча укуктары

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 51-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.

1. Эгерде мыйзамда, укук белгилөөчү документте же келишимде башкача каралбаса, жер тилкесинин менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу менен анда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

2) жер тилкесине болгон укукту бузууга, анын эркинен тышкары жер тилкесине басып кирүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга;

3) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдү жана көчөттөрдү отургузууга жана себүүгө, жер тилкесин пайдалануунун натыйжасында алынган айыл чарба жана башка өсүмдүктөргө жана аны сатуудан түшкөн кирешеге менчик укугуна;

4) жер тилкесинде жайгашкан жалпы таралган пайдалуу кендердин жер бетине чыгуучу майда кендерин, токой жерлерин, суу объекттерин пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгымдардын ордун толтуртуп алууга;

6) архитектуралык-пландоо, курулуш, авиациялык, экологиялык, тарыхый-маданий, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарды, ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди сактоо менен жер тилкесинин максаттуу багытына карама-каршы келбеген объекттерди курууну жүзөгө ашырууга;

7) курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарга ылайык сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;

8) ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бирге жер тилкесине укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле үч жылга чейинки мөөнөткө өз алдынча жер тилкесине бөлбөстөн, жер тилкесинин бир бөлүгүн үчүнчү жактарга пайдаланууга берүүгө;

9) ушул Кодексте каралган башка аракеттерди жасоого.

2. Бузулган укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тийиш.