45-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бөлүнбөс деп таанылган жер тилкесин бөлүүгө жол берилбестик
02.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИ КАТАРЫ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БОЛГОН УКУК›4-глава. Жер тилкесин жалпы пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 45-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкеси бөлүнбөс деп таанылса, аны бөлүүгө жана андан натуралай жер үлүшүн бөлүп алууга жол берилбейт.
2. Эгерде үлүштү натуралай бөлүп берүүгө жол берилбесе, бөлүп алган катышуучу ага анын үлүшүнүн наркын төлөп берүүгө укуктуу.