31-берене. Жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. ЖАРАНДЫК УКУКТАРДЫН ОБЪЕКТИ КАТАРЫ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БОЛГОН УКУК›3-глава. Жарандык укуктардын жана аны менен болгон бүтүмдөрдүн объекти катары жер тилкесине болгон укук
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 31-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүүдө кадастрдык план жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесине болгон укуктарды берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн электрондук жана/же кагаз түрүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумуш күндүн ичинде жиберет жана алардын берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кадастрдык пландын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.