19-берене. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
I бөлүм. Негизги жоболор›2-глава. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 19-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Министрлер Кабинети жер мамилелерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.
2. Министрлер Кабинети атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууну;
2) мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнү;
3) жерлерге мониторинг жүргүзүүнү;
4) жерге жайгаштырууну, жер тилкелерине укуктарды каттоону жүргүзүүнү;
5) жерге жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүүгө уруксаттарды берүүнү;
6) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү курулушту жана башка иштерди жүргүзүүгө уруксаттарды берүүнү;
7) биоресурстарды, жер казынасын жана суу ресурстарын кошуп алганда, айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты, геологияны жана жер казынасын, жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана коргоону;
8) экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук), өнөр жай коопсуздугунун, тоо-кен иштеринин коопсуздугунун, жер казынасын коргоонун, көмүрдүн жана отундун сапатынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү;
9) отун-энергетика комплекси жаатындагы маселелерди жүргүзүүнү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай (тамак-аш өнөр жайын кошпогондо) жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү;
10) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюуну;
11) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүүнү.