130-берене. Жер талаш-тартыштары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО. ЖЕРЛЕРДИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДОО. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР КАДАСТРЫ. ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ›22-глава. Жер талаш-тартыштарын чечүү жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 130-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.

1. Жер укуктук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштар жер тилкесин берүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечилет. Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда жер талаш-тартыштары сот тартибинде каралат.

2. Жер тилкесине болгон укукту берүү, алып коюу жана токтотууга байланыштуу жер талаш-тартыштарын чечүү сот тартибинде гана чечилет.

3. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык болгон мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чегинде, объекттин курулушун жана аны пайдаланууга берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт.

Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык болгон мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат.