116-берене. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО. ЖЕРЛЕРДИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДОО. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР КАДАСТРЫ. ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ›21-глава. Мамлекеттик жер кадастры. Жерлерге мониторинг жүргүзүү. Жерге жайгаштыруу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 116-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүүнүн тартиби жана жер-кадастр документтеринин курамы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жер кадастры аэрофототопографиялык, фотограмметриялык, кадастрдык сүрөткө тартууларды, долбоорлоо-изилдөө, картографиялык жана баалоо иштерин, кыртыштык, геоботаникалык жана башка текшерүүлөрдү жана издөөлөрдү, жерлерге мониторинг жүргүзүүнү, жерлерди сандык жана сапаттык эсепке алууну жана зарылдыгына жараша жүргүзүлүүчү башка иштерди пайдалануу менен электрондук жер реестрин түзүү аркылуу жүргүзүлөт.