11-берене. Жерге болгон укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
I бөлүм. Негизги жоболор›1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Жер тилкесине болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
2. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш: жер тилкесине укуктардын пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, өтүүсү, чектөөлөр, сервитут, ипотекасы жана аларды токтотуу.
3. Жер тилкесине болгон укук менен жасалган бардык бүтүмдөр кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.