109-берене. Жерди коргоонун милдеттери жана максаттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

18.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. ЖЕРЛЕРДИ КОРГОО. ЖЕРЛЕРДИН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН МАМЛЕКЕТТИК КОНТРОЛДОО. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР КАДАСТРЫ. ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ›19-глава. Жерди коргоо

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 109-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.

1. Жерлерди коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары жерди коргоого, жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга, жерлерди айыл чарба жана токой чарба жүгүртүүсүнөн негизсиз алып коюуну болтурбоого, зыяндуу антропогендик таасирлерден коргоого, ошондой эле кыртыштын асылдуулугун, айыл чарба жана токой чарба багытындагы жерлердин өнүмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана жогорулатууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка иш-чаралардын тутумун камтыйт.

2. Жерди коргоо жер тилкелеринин менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан ушул Кодекстин IV бөлүмүндө жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге жана талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Жерди коргоонун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жаратылышты коргоочу өндүрүш технологияларын колдонууга дем берүү жана рекультивациялоо жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү жолу менен жерлердин деградацияланышынын жана кыртыштын катмарынын жана башка сапаттык көрсөткүчтөрүнүн бузулушунун алдын алуу;

2) жер кыртышын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

3) деградацияга же бузулууга дуушар болгон табигый тоют жерлерин калыбына келтирүү;

4) экологиялык ченемдерди сактоо.