106-берене. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР ФОНДУНДАГЫ ЖЕРЛЕРДИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ›18-глава. Жер тилкелерин которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-беренеси, 18.07.2025 редакциясы.
1. Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жер тилкелерин которуу (трансформациялоо), өнөр жай, транспорт жана коргоо маселелерин жөнгө салуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана бузулган, булганган же бузулууга тийиш болгон (анын ичинде жер астындагы) имараттар, курулуштар, курулмалар курулган башка багыттагы жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору бар болгондо жерлердин башка категориясына которууга (трансформациялоого) жол берилет.