42-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктарын мамлекеттик каттоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
7-глава Укуктардын жана чектөөлөрдүн айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик укуктары, ошондой эле аларды түйшүккө салуулар (чектөөлөр) милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
Укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу же тескөө укугуна ээ болгон тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар кайрылат.
Эгерде мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берсе, каттоо карточкасынын тиешелүү бөлүктөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты-жөнү көрсөтүлөт, ал эми мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат.
Укук белгилөөчү документ катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими же мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү же башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими берилүүгө тийиш.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)