Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

4-глава Кыймылсыз мүлктүн чектери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

1. Кыймылсыз мүлк бирдигинин ар бир ээси же пайдалануучусу ошол кыймылсыз мүлк бирдигинин чектерин накталай белгилеген өзүнүн чек ара белгилерин тийиштүү тартипте күтүүгө милдеттүү.

2. Чектердеги накталай белгилердин мыйзамсыз өзгөрүшүнө же зыянга учуроосуна күнөөлүү жак ага жаза колдонгондугуна карабастан накталай белгилерди калыбына келтирүүгө байланышкан бардык чыгымдарды толтурууга милдеттүү.