25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

3-глава Укуктарды мамлекеттик каттоонун тартиби жана укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун негизги документтери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.

Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баштапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кыймылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет.

Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдештирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, батирлердин же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээсинин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.

Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тиешелүү өзгөртүү чагылдырылат.

2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)