17-1-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

22.09.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

3-глава Укуктарды мамлекеттик каттоонун тартиби жана укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун негизги документтери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1-статьясы, 22.09.2025 редакциясы.

Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин бирдиктүү мамлекеттик каттоо тутумунун органдары жүргүзөт.

Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар мөөнөтү чектелбестен сакталат, кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен кандайдыр бир документтерди же маалыматтарды жок кылууга, ошого тете мыйзамдарда каралбаган түрдө алып коюуга жол берилбейт.

Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2009-жылдын 30-мартындагы № 102,2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)